• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда 1-ноябрдан баштап электр энергиясын пландуу өчүрүүлөр болбойт

Коом 0

Бишкек, 14.10.21. /Кабар/. Кыргызстанда 1-ноябрдан баштап электр энергиясын пландуу өчүрүүлөр болбойт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Энергетика министрлигинин Электр энергиясы боюнча мамлекеттик саясат башкармалыгынын башчысы Айбек Айдаралиев билдирди.

Анын айтымында, пландалган оңдоп-түзөө иштери өкмөттүн токтомуна ылайык жүргүзүлдү. Ошондой эле күз-кыш мезгилине даярдык көрүү максатында аткарылды.

“2021-жылдын 1-ноябрынан тарта электр энергиясын пландуу өчүрүүлөр болбойт. Бир гана авариялык жана калыбына келтирүү иштеринде гана өчүрүлөт”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий