• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстанда 1-октябрдан тарта пенсиянын базалык бөлүгү дээрлик 3,2 миң сомду түзөт

Экономика 0

Бишкек, 15.09.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 2022-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын базалык бөлүгүнүн өлчөмүн белгилөө жөнүндө 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 504 токтомуна кол койду.

Документке ылайык, пенсионерлердин жашоо деңгээлин андан ары колдоону камсыз кылуу максатында, “КР Министрлер кабинети жөнүндө” КР конституциялык мыйзамынын 13, 17-беренелерине, “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө” КР мыйзамынын 7, 22-беренелерине ылайык КР Министрлер кабинети токтом кылат:

1. 2022-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын базалык бөлүгү 3 170,0 (үч миң жүз жетимиш) сом өлчөмүндө белгиленсин.

2. КР Министрлер кабинетине караштуу Социалдык фонду пенсиянын базалык бөлүгүн өз убагында кайра эсептөөнү жана аны жаңы өлчөмдө төлөөнү камсыз кылсын.

3. КР Финансы министрлиги белгиленген тартипте:

1) КР Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети менен макулдашуу боюнча “Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023–2024-жылдарга болжолу жөнүндө” КР мыйзамында “Топтолгон финансылык резервдер” 2829-чыгашалар беренеси боюнча каралган каражаттардын эсебинен 3 083 000 000,0 (үч миллиард сексен үч миллион) сом суммасындагы акча каражаттарын КР Министрлер кабинетине караштуу КР Социалдык фондуна бөлүп берсин;

2) “Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023–2024-жылдарга болжолу жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” КР Мыйзамынын долбоорун даярдоодо ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү өзгөртүүлөрдү карасын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо КР Президентинин администрациясынын Президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий