• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда 10 ай ичинде 7600дөн ашуун үй-бүлөлүк зордук-зомбулук катталды

Коом 0

Бишкек, 25.11.20. /Кабар/. Кыргызстанда 10 ай ичинде 7600дөн ашуун үй-бүлөлүк зордук-зомбулук катталды. Бул тууралуу бүгүн "COVID-19 пандемиясы учурунда гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөш: Үй-бүлөдөгү зомбулуктун алдын алуу комитеттери, жетишкендиктер жана алынган сабактар" конференциясында Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана координациялоо бөлүмүнүн башкы адиси Шабдан Кайыпов билдирди.

Анын айтымында, үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу жана коргоо боюнча системдүү иштерди жүргүзүп, психолог, укук коргоо органдары, маданият жана билим берүү тармагынын өкүлдөрү бирдикте комплекстүү иштеши керек.

"Мунун бардыгы тарбиядан башталат. Биз балдардын татыктуу чоңоюшу үчүн маданият, билим жана адептүүлүктү үйрөтүшүбүз керек. Ал эми "Жигердүү жаран" долбоору ар тараптуу адистерди бириктирүүгө багытталган. Биз жакшы натыйжаларды көрүп жатабыз. Бир топ иштер аткарылды. Иш улантылат жана долбоор 2024-жылга чейин иштейт", - деди ал.

Кайыпов пандемия учурунда үй-бүлөлүк зордук-зомбулук 20-30%га өсүп, 10 ай ичинде 7 миң 600 кайрылуу келип түшкөнүн айтат.

Пикир

Оставить комментарий