• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда 10 миңден ашык кары, жалгыз адам үй жардамына муктаж

Коом 0

Бишкек, 27.12.18. /Кабар/. Кыргызстанда 10 миңден ашык кары, жалгыз адам үй жардамына муктаж. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, мынча сандагы адамдарга болгону 928 социалдык кызматкер жардам көрсөтүп иштейт.

"Жыл башынан тарта жашоосунда оор абалга туш келген 4 миң 278 бала аныкталып, алардын 2 миң 444 жардам берилген. Ошондой эле 1 миң 505 үй-бүлө аныкталып, 775 үй-бүлөгө жардам көрсөтүлгөн", - деди министр.

Министр "Бакма үй-бүлө" программасынын алкагында 132 үй-бүлө окутуудан өткөнүн айтты. Учурда 14 ушундай үй-бүлө иштеп, анда 14 бала тарбияланууда.

Пикир

Оставить комментарий