• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда 11 айда 1582,7 миң тонна сүт өндүрүлгөн

Экономика 0

Бишкек, 20.12.21. /Кабар/. Кыргызстандын бардык облустарында сүт өндүрүү көбөйгөнү байкалды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын январь-ноябрь айларында республика боюнча 1582,7 миң тонна сүт өндүрүлгөн, өткөн жылдын ушул мезгили менен салыштырмалуу сүт өндүрүү 28,8 миң тоннага, же болбосо 1,9 пайызга көбүрөөк болду.

Сүт өндүрүүнүн өсүшү саан уйлардын саны республика боюнча 19,7 миң башка жана 1 уйдан саалган орточо саан былтыркы жылдын ушул мезгили менен салыштырмалуу 3,1 кг көбөйүшү менен байланыштуу (1840,7 кг-1843,8 кг).

Пикир

Оставить комментарий