• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Кыргызстанда 11 айда өнөр жай продукциясынын көлөмү 290 млрд сомго жакындады

Экономика 0

Бишкек, 10.12.20. /Кабар/. Кыргызстанда 2020-жылдын январь-ноябрь айлары аралыгында өнөр жай продукциясынын көлөмү 290 миллиард сомго жакындады. Бул тууралуу брифингде Улуттук статистика комитети билдирди.

Ведомствонун маалыматына таянсак, бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 5,5 пайызга төмөндөгөн. Буга күйүүчү майдын көлөмүнүн кыскарышы себеп болду (56,8 пайыз), текстиль өнөр-жайы, кийим-кече жана бут кийим, булгаары жанан булгаарыдан жасалган буюмдар (20,6 пайыз), резина жана желимден жазалган буюмдар жана металл эмес минералдык азыктар (8,4 пайыз), жыгач жана кагаздан жасалган буюмдар, полиграфиялык ишмердик (4,6 пайыз), азык-түлүктү өндүрүү (суусундуктарды кошкондо) жана тамеки азыктары (4,3 пайыз), темир жана темирден жазалган буюмдар, буга машина менен жабдуулар кирбейт (2,6 пайыз), ошондой эле жер астынан казылган баалуу металлдардын (22,0 пайыз) кыскарышы таасирин тийгизди.

Курулуш тармагында да төмөндөөлөр байкалат, анын көлөмү - 16 пайызга жакын кыскарды, дүң жана чекене соода тармагында көрсөткүчтөр 15,6 пайызга азайды, ал эми айыл чарбасында оң тенденциялар байкалды, анда өндүрүүнүн көлөмү 0,9 пайызга өстү.

Пикир

Оставить комментарий