• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда 11 миң ата-эне балдарын эмдетүүдөн баш тарткан

Ден соолук 0

Бишкек, 11.05.22. /Кабар/. Кыргызстанда балдарын эмдетүүдөн баш тарткан ата-энелердин саны өсүүдө, алардын саны 11 миңди түзөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Республикалык иммунопрофилактикалык борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди.

Ишенапысованын айтымында, анын 50%ы диний себептерге байланыштуу эмдөөдөн баш тартышса, 20%ы вакцинанын коопсуздугунан шектенишет, ал эми калганы башка себептер менен эмдөө тууралуу маалымат алышпайт.

“Ошондуктан азыр ЮНИСЕФтин колдоосу менен бардык байланыш иш-чараларын күчөтүп жатабыз. Ошондой эле вакцинага ишенүүнү арттыруунун үстүндө иштеп жатабыз”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий