• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда 110 суучул-куткаруучу бар — ӨКМ

Коом 0

Бишкек, 03.06.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстанда 110 суучул-куткаруучу болсо, анын 35и Чуй облусунда иштейт. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө республика боюнча 814 суу объектиси аныкталган.

“Ысык-Көл облусунда 309 эс алуу жайы, анын ичинен 14 лагерь, 141 пансионат, 14 майда көлмө, 140 суу жээк бар. Ал эми Чүй облусунда 399 суу объектиси аныкталып, анын ичинен 19у сууга түшкөнгө ыңгайлашкан, 16сы бассейн, 3ү көлмө. Кыргызстан боюнча жалпы 285 бассейн, 79 балдар лагери, 208 эс алуучу жай, 191 массалык сууга түшүүчү жай бар”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий