• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда 112 адамдан COVID-19 табылып, үч бейтап каза болду. Акыркы маалыматтар

COVID - 19 0

Бишкек, 26.10.21. /Кабар/. Кыргызстанда 26-октябрга карата коронавирус 112 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 43, Чүй облусунда – 42, Ош облусунда - 2, Талас облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда – 11, Жалал-Абад облусунда – 7, Баткен облусунда – 4 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 99 адам илдеттен сакайып чыккан. Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча эмдөө албагандар арасында үч бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 680 бейтап, амбулатордук түрдө 687 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 180 миң 741 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 175 миң 196 киши айыгып чыкса, 2 миң 658 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий