• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстанда 12 жеке медициналык колледжде студенттердин практикасы үчүн шарттар түзүлгөн эмес

Коом 0

Бишкек, 20.04.22. /Кабар/. Кыргызстанда 12 жеке менчик медициналык колледжде студенттердин практикасы үчүн толук шарттар түзүлгөн эмес. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, саламаттык сактоо тармагына билимдүү кызматкерлер керек болгондуктан министрлик Билим берүү жана илим министрлигине төмөнкү медициналык окуу жайлар боюнча тиешелүү чечимдерди кабыл алуу үчүн кат жолдоду:

- Ош аймактык медициналык колледжи;
- К.Ш.Токтомаматов атындагы эл аралык университетинин колледжи;
- “Авиценна билим” медициналык колледжи;
- Н.И.Пирогов атындагы медициналык колледжи;
- “Уникум” Кыргыз медико-социалдык колледжи;
- Ысык-Көл медико-стоматологиялык колледжи;
- Кочкор-Ата аймактык колледжи;
- ИСИТОнун медициналык колледжи;
- Аравандагы “Дулдул тоо” колледжи;
- С.Тентишев атындагы Азия медициналык институтунун медколледжи;
- Илим жана бизнес эл аралык университетинин медколледжи;
- Медико-фармацевтикалык колледжи.

Пикир

Оставить комментарий