• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Кыргызстанда 124 адамдан COVID-19 табылып, 3 бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 27.10.21. /Кабар/. Кыргызстанда 27-октябрга карата коронавирус дагы 124 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 65, Чүй облусунда – 28, , Талас облусунда – 4, Ысык-Көл облусунда – 13, Жалал-Абад облусунда – 10, Баткен облусунда – 4 адамдан илдет жаңы табылган.

Ал эми бир суткада 106 адам илдеттен сакайып чыгып, эмдөө албагандар арасында 3 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 688 бейтап, амбулатордук түрдө 692 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 180 миң 865 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 175 миң 302 киши айыгып чыкса, 2 миң 661 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий