• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда 13-декабрга карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 13.12.21. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 13-декабрга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, күндүз Талас, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +9...+14, Талас облусунда +4...+9, Ысык-Көл облусунда +2...+7 жылуу болсо, Нарын облусунда -3...-8 градуска төмөндөйт.

Бишкек шаарында абанын температурасы +10...+12 градуска жетет.

Пикир

Оставить комментарий