• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда Орозо айт 13-майда белгиленет

Коом 0

Бишкек, 07.05.21. /Кабар/. Кыргызстанда Орозо айт 13-майда белгиленет. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин чечиминин негизинде Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы 2021-жылдын 13-майы, бейшемби күнүн Орозо Айт майрамы деп белгиледи.

Ислам шариатында Рамазан айынын башталуусу жана аяктоосу жаңы чыккан айдын көрүнүүсүнө карап аныкталат. Рамазан айы кээде 30 же 29 күн болот.

Белгилей кетсек, быйыл Кадыр түн 8-майдан 9-майга караган түнү белгиленет

Пикир

Оставить комментарий