• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда 134 мектеп жана 26 бала бакчанын курулушу жүрүп жатат

Өкмөт 0

Бишкек, 16.11.19. /Кабар/. Учурда «Капиталдык салымдар» беренеси боюнча 134 мектептин жана 26 бала бакчанын курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалымат менен камсыз кылуу бөлүмүнөн билдиришти.

КР Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча, бүгүнкү күнү жалпы билим берүүчү 2 миң 265 мектепте 1 млн 268 миң 68 окуучу билим алат. Бул мектептердеги ашыкча жүкдү айтып турат. Мисалы, Бишкек шаарында 77 миң 163 окуучуга ылайыкталган 96 мектеп бар. Бирок ички миграциялык агымдын себебинен иш-жүзүндө аларда 173 миң 193 окуучу окуйт. Бул тиешелүү сандан эки эсеге көп.

Маселени чечүү максатында 2019-жылдын 9 айында өлкөдө 3 миң 339 окуучуга ылайыкталган 15 мектеп курулган. Азыркы тапта «Капиталдык салымдар» беренеси боюнча 134 мектептин жана 26 бала бакчанын курулушу жүрүп, 60 билим берүү мекемеси оңдолуп жатат.

Муну менен бирге республика боюнча 198 авариялык абалдагы мектеп бар. Алардын ордуна жаңы билим берүү мекемелерин салуу үчүн 20 млрд сомго жакын талап кылынат. КР Өкмөтү бул маселени чечүү максатын катуу койгон.

Жыл сайын мектепке чейинки курактагы балдардын саны да өсүп жатат. Бүгүнкү күнү расмий маалыматтар боюнча, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине 197 миң бала барат. Алардын ичинде 186 миң бала мамлекеттик жана муниципалдык бала бакчаларга барышат.

Окуу жашына чейинки балдарды камтууну көбөйтүү максатында жалпы билим берүү уюмдардын имараттарын оптималдаштыруу жүргүзүлүп, 7 миң 358 баланы камтыган кошумча 100 бала бакча ачылды. Ошондой эле 120 кошумча кыска мөөнөттө калуу мекемелери ачылып, 10 миң бала камтылды. Мындан сырткары 2012-2019-жылдары башка тармактарга пайдаланууга берилип кеткен 224 бала бакчанын имараттары кайтарылып берилгенин белгилеп кетүү кажет. Алардын ичинен 9 имарат 2019-жылы кайтарылды.

Натыйжада бүгүнкү күндө жалпысынан мектепке чейинки жаштагы балдардын 40,9% мектепке чейинки билим берүүнүн ар түрдүү программалары менен камтылууда.

Пикир

Оставить комментарий