• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстанда 14-февралда 30 түгөй баш кошот

Коом 0

Бишкек, 11.02.21. /Кабар/. Кыргызстанда 14-февралда 30 түгөй баш кошот. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

"Үйлөнүү үлпөт - бул түгөйлөр үчүн маанилүү окуя. Акыркы жылдары нике күнүн тандоо тенденциясы байкалууда. 14-февраль - Сүйүү күнүндө Бишкек шаарында 22 түгөй мамилелерин катташат. Салтанаттар баш калаадагы үйлөнүү үлпөт өргөсүндө болот. Ошондой эле ал күнү Ош шаарында 8 түгөйдүн каттоосу болот", - деп айтылат маалыматта.

Билдирүүгө ылайык, быйыл сүйүү майрамы дем алыш күнүнө туш келгендигине байланыштуу ЖААК кызматы иштебейт. Демек, бардык негизги жүк Бакыт өргөсүнө жүктөлөт.

Сүйүү күнү никеге туруунун эң популярдуу даталарынын катарына кирет.

Пикир

Оставить комментарий