• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстанда 14-майга чейин аба ырайы кандай болот? Синоптиктердин жообу

Коом 0

Бишкек, 09.05.20. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 10-майдан 14-майга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

Ага ылайык, эртең, 10-майда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ош, Жалал Абад, Баткен облустарынын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт, тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы

10-майда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

11-майда түнкүсүн Чүй облусунун кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Талас облусунун жаан-чачын күтүлбөйт.

11-майда күндүз жана 12-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кээ бир тоо этектериндеги жана тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт.

13-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 13-майда күндүз жана 14-майда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

14-майда күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 10-майда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

10-майда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

11-13-майларда жана14-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

14-майда күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы

10-майда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз Ош, Жалал-Абад, облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен облусунун кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

11-майда түнкүсүн Жалал-Абад облусунун кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ош, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

11-майда күндүз жана 12-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кээ бир тоо этектериндеги жана тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт.

13-майда түнкүсүн Баткен облусунун кээ райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

13-майда күндүз жана 14-майда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

14-майда күндүз көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 10-майда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

10-майда жана 11-майда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

11-майда күндүз кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

12-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кээ бир тоо этектериндеги жана тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт.

13-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

13-майда күндүз жана 14-майда кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 10-11-майларда Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы

10-майда жана 11-майда түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

11-майда күндүз жана 12-14-майларда жаан-чачын күтулбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрден, 10-11-майларда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

10-майда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

11-майда түнкүсүн кээ бир райондордо мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

12-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кээ бир тоо этектериндеги жана тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт.

13-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

13-майда күндүз жана 14-майда кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 10-майда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий