• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда 14 миңдей адам 1780 сом өлчөмүндө пенсия алат

Коом 0


Бишкек, 30.09.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстанда 14 миңдей адам 1 миң 780 сом өлчөмүндө пенсия алат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында Социалдык фонддун төрагасы Жаныбек Орозалиев билдирди.

Анын айтымында, бул категориядагы адамдар мыйзам талап кылган керектүү стаж топтогон эмес.

“Ошондой эле алар эч кандай жумушта иштебей, камсыздандыруу төгүмдөрү жок болгон”, - дейт ал.

Орозалиев пенсия боюнча кандайдыр бир суроо жаралса Соцфонддун 1202 номерлүү колл-борборуна же 54 33 16, 57 66 61 номерине кайрылса болорун кошумчалады.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда эртеңден тарта пенсия орточо эсеп менен 455 сомго жогорулап, анын орточо өлчөмү 6 миң 248 сомду түзөт.

Пикир

Оставить комментарий