• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда 14 вирусологиялык лаборатория иштеп жатат – Акматова

COVID - 19 0

Бишкек, 08.12.20. /Кабар/. Кыргызстанда 14 вирусологиялык лаборатория иштеп жатат, - деп билдирди онлайн брифингдин жүрүшүндө Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова.

Анын маалыматына караганда, учурда иштеп жаткан лабораторияларда 19 ПЦР-аппараты бар.

"Андан сырткары, төрт жеке менчик лаборатория келишимдин негизинде COVID-19 аныктоо үчүн изилдөөлөрдү жүргүзүүгө көмөк көрсөтүшүүдө. (Бонецкий лабораториясы, "AQUA", "Гемодез", "Интермедикал")", - деп маалымдады Акматова.

Ал кошумчалагандай, өлкөдө азыркы күндө 2,5 айга жете турган ПЦР тест-системасынын запасы бар.

Пикир

Оставить комментарий