• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстанда 140тан ашык саламаттык сактоо уюму санариптик башкарууга өттү

Коом 0

Бишкек, 08.06.22. /Кабар/. 140тан ашык мамлекеттик саламаттык сактоо уюму санариптик ресурстарды башкарууга өттү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо миистрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Sanarip MED - Санариптик саламаттыкты сактоонун максаттуу моделин ишке ашыруу максатында КР Саламаттык сактоо министрлиги саламаттык сактоонун экосистемасынын архитектурасында негизги орунду ээлеген түпкү санариптик чечимдеринин бири катары Улуттук ресурстарды башкаруунун маалыматтык системасын, натыйжалуу башкаруу чечимдерин жана саламаттык сактоо ресурстарын башкаруу үчүн киргизүүдө.

"Электрондук саламаттыкты сактоо борборунун адистери 18-майдан 3-июнга чейин Кыргызстандын бардык аймактарында окуу иш-чараларын өткөрүштү. Бардыгы болуп республиканын 140 саламаттыкты сактоо уюмдарынан 350дөн ашык жооптуу кызматкерлер окутулду. Учурда НИСУР санариптик системасына 246 саламаттыкты сактоо уюмунун 140у (56%) кошулган. Маалыматтык системаны толук ишке киргизүү системалаштырууга жана ар бир медициналык кызматкерге саламаттыкты сактоонун бирдиктүү санариптик схемасында ар кандай маалыматтык системаларга бирдиктүү жетүү мүмкүнчүлүгүн түзүүгө жол ачат", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, бул системаны колдонуу саламаттыкты сактоо системасынын жетекчилигине ар бир саламаттыкты сактоо уюмунун ресурстары жана штаттык саны жөнүндө керектүү маалыматты тез арада онлайн режиминде алууга мүмкүндүк берет.

Пикир

Оставить комментарий