• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстанда 15 баладан Кавасаки сымал, 13үнөн мультисистемдик сезгенүү синдрому аныкталды

COVID - 19 0

Бишкек, 09.02.21. /Кабар/. Кыргызстанда 13 бала оор абалда коронавирустан кийинки мультисистемдик сезгенүү синдрому менен ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун кардиоревматология бөлүмүнүн башчысы Гули Саатова билдирди.

Анын айтымында, 13 балада аныкталган синдром генетикалык жактан Кавасаки сымал синдромго окшош эмес.

"Бул синдром оор өтөт жана спецификалык эмес синдром", - дейт ал.

Саатова коронавирустун кесепетинен улам пайда болгон Кавасаки сымал синдрому бар дагы 15 бала бар экендигин белгилеп кетти.

"Бизде Кавасаки оорусунун номенклатурасы бар, ал коронавируска байланыштуу эмес. Ал мурун эле бар болчу, биз аны дарылап келебиз. Азыр болсо коронавирустан кийинки көрүнүштөр болууда. Ар кандай вирус ооруга өзүнүн өзгөчөлүктөрүн киргизиши мүмкүн. Коронавирус Кавасаки сымал синдромдун айрым көрүнүштөрүн пайда кылды", - деди ал.

Дарыгер ооруканага 2,5 жаштан 17 жашка чейинки 28 бала түшкөнүн билдирди.

"Биз муну кантип дарылоону билебиз жана аны дарылоого болот. Дарылоо протоколун сентябрдын ортосунда эле чыгарганбыз. Ал протокол боюнча дарылоо натыйжалуу. Каза болгон бир дагы учур болгон жок. Пандемия башталгандан бери бир-эки учур катталган. Биз бул ооруну Кавасаки сымал синдром катары дарыладык. Бирок, ушул эки жумадагыдай балдардын келиши болгон жок", - деди ал.

"Бир өзгөчөлүк бар – Кавасаки сымал синдромдо коронавирус симптомсуз өтөт", - дейт дарыгер.

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун директору Камчыбек Узакбаев кошумчалагандай, 2 бала оор абалда ооруканага түшкөн, кийин алардын абалы турукташкан.

Пикир

Оставить комментарий