• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда 15-декабрга карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 15.12.21. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 15-декабрга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт, Талас, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Кээ бир райондордо туман түшүшү күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында 0...+5, Ош, Жалал-Абад, Баткен, облустарында +2...+7, Ысык-Көл облусунда -3...+2, Нарын облусунда -5...-10 градус болушу күтүлөт.

Ал эми Бишкек шаарында абанын температуасы +2...+4 градуска жетет.

Пикир

Оставить комментарий