• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Кыргызстанда 16-19-декабрда туруксуз аба ырайы күтүлөт, кар жаайт

Коом 0

Бишкек, 14.12.18 /Кабар/. Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында 16-декабрынан 19-декабрга чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаайт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундысына 4-9 метрден, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

Мындай туруксуз суук аба ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кышкы жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Катуу жаан жааган убакта унаа жолдордо көрүү аралыгы төмөндөп, унаалардын кыймылдоосун кыйындатат.

Пикир

Оставить комментарий