• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда 16-декабрга карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 16.12.21. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 16-декабрга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт, Талас, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Кээ бир райондордо туман түшүшү күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй, Талас облусунда +2...+7, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +3...+8, Ысык-Көл облусунда 0...+5 градус жылуу болсо, Нарын облусунда -5...-10 градуска төмөндөйт.

Ал эми Бишкек шаарында абанын температурасы +5...+7 градус болушу күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий