• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Кыргызстанда 16-майда жалпы республикалык тест башталат

Билим 0

Бишкек, 13-май /Кабар/. Кыргызстанда 16-майда жалпы республикалык тест (ЖРТ) башталат. Бул тууралуу КР Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

ЖРТга каттоо 2017-жылдын 6-мартынан 6-апрелге чейин өттү. Алдын ала каттоонун маалыматтары боюнча ЖРТга катышуу үчүн 45 миңден ашык абитуриент катталган.

Башка жылдардагыдай быйылкы жылы да предметтик тексттер химия, биология, физика, математика, тарых, англис тили сабактары боюнча алынат. Тесттер абитуриенттерге эки тилде: кыргыз жана орус тилдеринде сунушталат.

ЖРТ республика боюнча төмөнкү баскычтар боюнча өтөт:

1-баскыч – 2017-жылдын 16-17-майы;

2-баскыч – 2017-жылдын 19-20-майы;

3-баскыч (соңку тест) – 2017-жылдын 23-24-июну.

Республиканын ар бир аймагында тесттик борборлор уюштурулат, жалпысынан өлкө боюнча 123 тесттик борбор иштейт.

2017-жылдын 15-18-майында катталууга жетишпей калган абитуриенттер үчүн ЖРТга кошумча каттооо өткөрүлөт. Кошумча каттоо тууралуу кеңири маалымат менен Билим берүүнү жана окутуу ыкмаларын баалоо борборунун www.testing.kg сайтынан таанышууга болот.

Пикир

Оставить комментарий