• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстанда 16 мектеп өтө начар абалда турат – Кудайбердиева

Коом 0

Бишкек, 28.08.19. /Кабар/. Кыргызстанда 16 мектеп өтө начар абалда турат. Алар титулдук тизмеге киргизилген. Бул тууралуу өкмөттүн жыйынында Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева билдирди.

Анын айтымында, жергиликтүү бийлик органдары менен Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ал мектептерди авариялык абалда деп тапкан. Ал маселени чечүү боюнча программа иштелип чыгууда.

"Ал мектептердин алтоосу боюнча жаңы мектепти куруп баштоо же башка имаратты табуу маселесин коюш керек", - дейт ал.

Министр, 2016-жылдан бери Жети-Өгүздөгү 7 мектеп, Жалал-Абадда 1, Ош облусунда 1, Нарын облусунда 3 мектептин курулуш иштери бүтпөй келе жатканын белгиледи.

Министр, авариялык мектеп боюнча титулдук тизмеге Нарын жана Жалал-Абаддагы авариялык мектептерди кошууну сунуштады.

"Чүй облусунун Панфилов районунда да өтө начар абалдагы мектептер бар. Биз бул маселени жергиликтүү башкаруу органдары менен чечишибиз керек", - деди Кудайбердиева.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, тизмеге кирген 17 мектептин курулушу иштери келерки жылы аяктайт.

"17 мектеп боюнча биз курулуш иштерин бүткөрөбүз", - деди Абылгазиев.

Пикир

Оставить комментарий