• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда 16-сентябрга карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 16.09.21. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы өлкө аймагында 16-сентябрга карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, күндүз республиканын Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, Ош, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий