• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Кыргызстанда 160-200 миң адам коронавирус менен ооруп чыккан болушу мүмкүн - Каратаев

COVID - 19 0

Бишкек, 22.09.20. /Кабар/. Божомолдуу эсептөөлөр боюнча Кыргызстанда 160-200 миң адам коронавирус менен ооруп чыккан болушу мүмкүн. Бул тууралуу "Биринчи радионун" түз эфиринде саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Анын айтымында, расмий маалымат боюнча 21-сентябрга карата өлкөдө 45 миң 471 адам коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган. Анын ичинде 19 миң 305 адамда коронавирус лабораториялык жол менен тастыкталган.

"Жарандар "ооруп чыктым, мага жукпайт" дебей сак жүрүшү керек. "Жеңил түрдө ооруп чыктым" деген жарандар ИФА-тест жасалбаса ооруп чыктым деп так айтууга болбойт", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий