• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда 162 бала бакча жетишпейт

Коом 0

Бишкек, 20.03.19. /Кабар/. Кыргызстанда 162 бала бакча жетишпейт. Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованын катышуусу менен өтүп жаткан “Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн артыкчылыктары” аттуу тегерек столдун жүрүшүндө белгилүү болду.

Экономика министрлигинин маалыматына ылайык, 250 орундуу бир бала бакчаны куруу үчүн 70 млн. сом сарпталат, ал эми 162 объектини курууга 11 млрд. 340 млн. сом керек.

Министрликтен билдиргендей, Кыргызстан боюнча 1ден 6 жашка чейинки балдардын арасынан 76%ы бала бакчаларга барбайт.

Мектепке чейинки мекемелерге барган 1ден 6 жашка чейинки балдардын саны 187 миң 78 бала (24%). Анын ичинен шаар жергесинде - 93 миң 243 бала (12%), айыл жергесинде - 93 миң 835 бала (12%). Ал эми бала бакчаларга барбаган балдардын саны 592 миң 413ү түзөт.

Алтынай Өмүрбекова белгилегендей, учурда лицензиясы жок иштеп жаткан бала бакчалар бар. Өкмөт аларга мыйзамдашууга жардам берүүгө ниеттенүүдө.

“Биз ошол мектепке чейинки мекемелерди жабууга эмес, тескерисинче аларга лицензия алып, мыйзамдаштырууга жардам берүүгө даярбыз. Мунун баардыгы ишмердүүлүктүн ушул түрүн колдоо жана бала бакчалар ачык иштөөсү үчүн”, - дейт вице-премьер.

Пикир

Оставить комментарий