• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда 17-октябрдан баштап көмүрдү экспорттоого убактылуу тыюу салынат

Экономика 0

Бишкек, 13.10.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстанда 17-октябрдан баштап көмүрдү экспорттоого убактылуу тыюу салынат . Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө көмүргө болгон суроо-талап көп болгондуктан тыюу салуу пландалууда.

“Бүгүнкү күндө Кара-Кеченин көмүрүн каптарга салып, 20 тонналык фуралар менен чет жакка чыгып жатат. Алсак, ушул жылдын январь-сентябрында 178 миң 264 тонна көмүр экспортко кеткен. Бирок өлкөдө көмүр таңкыстыгы жок. Ата мекендик жана импорттук көмүрдү жеткирүү өз убагында аткарылууда”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий