• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда 18-23-ноябрь күндөрү антибиотиктерди туура колдонуу жумалыгы өтөт

Коом 0

Бишкек, 18.11.19. /Кабар/. Кыргызстанда 18-23-ноябрь күндөрү антибиотиктерди туура колдонуу жумалыгы өтөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Министрликтен билдиришкендей, жумалыктын алкагында бүгүн Эл аралык "Алатоо" университетинде "Антибиотиктерди туура колдонуу өмүрдү сактайт" аталышындагы маалымат жыйыны өткөн.

Иш-чарада Саламаттык сактоо министрлигинин Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башкы адиси Бактыгүл Исмаилова билдиргендей, антибиотиктерди өз алдынча ичүүдөн мурда кылдат ойлонуу зарыл. Себеби, туура эмес колдонулган дары-дармек тескерисинче ден соолукка зыянын тийгизет. Эгерде организмде антибиотикке көнүү пайда болсо, бул башка оорулардын күчөшүнө алып келүүсү мүмкүн.

Пикир

Оставить комментарий