• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстанда 18-сентябрда республикалык ишембилик өтөт

Коом 0

Бишкек, 15.09.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнүн алкагында Кыргызстанда 18-сентябрда республикалык ишембилик өтөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында “Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнүн” ыктыярчысы, жарандык активист Калыс Майр билдирди.

Анын айтымында, аталган акция дүйнө жүзү боюнча 2008-жылдын бери өтүп, ага 180ден ашык өлкө катышып келүүдө.

“Кыргызстан төрт жылдан бери жалпы ишембилик өткөрүп келет. Алгач акцияга 400 миңдей адам катышкан. Азыркы күндө катышуучулардын саны күн санап өсүүдө. Биздин негизги максат жарандарга экологиялык көйгөйлөрдү айтуу, жеткирүү жана жаңы муундун аң-сезимин оң жакка өзгөртүү болуп эсептелет”, - дейт ал.

Майр өлкө боюнча өтүп жаткан тазалык күнүнө премьер-министр, министрлер кабинетинин өкүлдөрү, жеке компаниялар катыша турганын белгиледи.

“Тазалай турган жерлерди бөлүп, ар бирине бирден жетекчини дайындап жатабыз. Бишкекти эле 100 аймакка бөлдүк. Белгилеп кетсем, аталган иш-чарага мектеп мугалимдери, окуучулар жана медкызматкерлер катышпайт. Пандемияга байланыштуу ыктыярчылар менен эле иштөөнү туура көрдүк”, - деди Майр.

“Таза Ысык-Көл” коомдук фонддун директору Анвар Шамсутдиновдун айтымында, экологиялык көйгөйдү бийлик органдарынан тарта катардагы адамдар биргилешип чечишпесе жыйынтык бербейт. “Жер-жерлердеги таштандыларды чогулттук, андан кийин эмне кылабыз? Бул көйгөйдү чечпейт. Азыр таштандыларды сырьего айланткан технологиялар бар. Ал чакан, бир жерге ири заводду куруунун кереги жок. Аны ишке ашыруу үчүн мамлекеттик программа керек. Биз болсо буга керектүү маани бербей жатабыз”, - деди Шамсутдинов.

“Enactus Кыргызстан” коомдук уюмдун аткаруучу директору Гүлбарчын Сүйүнова бөлүнгөн аймактарды тазалап эле тим болбостон аны көрктөндүрүү боюнча атайын долбоор башталып жатканын кошумчалады. “Ошондой эле мектеп окуучулары арасына экология темасында сүрөт сынак уюштуруудабыз”, - дейт Сүйүнова.

Пикир

Оставить комментарий