• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда 186 миң мүмкүнчүлүгү чектелген адам жашайт – Алыбаева

Коом 0


Бишкек, 03.03.20. /Кабар/. Кыргызстанда 186 миң ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адам жашайт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Жаңыл Алыбаева билдирди.

Анын айтымында, алардын ичинен 30 миңге жакыны 18 жашка чейинки балдар.

Ал белгилегендей, быйыл 14-мартта БУУнун майыптардын укуктары жөнүндө конвенциянын Кыргызстан тарабынан ратификацияланышына 1 жыл болот.

"Майыптардын иши боюнча кеңеш түзүлүп, ал кеңеш премьер-министрдин алдында болот. Кеңештин курамына мамлекеттик органдар, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар менен иштеген уюмдар, коомдук бирикмелер кирет. Ал демилге өкмөттүн кароосунда турат. Жакынкы 3 жылга иш-чаралар планы иштелип чыкты. Ал планда пандустарды орнотуу, тиешелүү инфраструктура түзүү, абилитация, реабилитация программаларын киргизүү боюнча ж.б. маселелер каралган. Ошондой эле 10 жылдык "Жеткиликтүү өлкө" аттуу программа түзүлөт. 18 жашка чейинки балдар үчүн өлкөнүн жети аймагында жана эки шаарында реабилитациялык борборлорду түзүү пландалууда", - деди ал.

Аны менен бирге ал мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын жумуш менен камсыз болуу маселесине токтолуп кетти.

"Кыргызстандын "Эмгек кодексинде" мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн жумушка алууда 5%дык квота каралган. Азыр мамлекеттик кызматтарга мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды жумушка алууда сынакка катышпай эле ишке алуу маселесин каралып, мыйзам долбоору иштелип чыкты. Андан тышкары мекеме, министрликтердин жетекчилеринин кеңешчиси, жардамчысы мүмкүнчүлүгү чектелген адам болушу керек деп, "Кеңешчи, жардамчылардын институтун" киргизип жатабыз", - деди ал.

Ал белгилегендей, учурда өлкөдө 5%дык квота аткарылбай келет. Анын себеби, жумушка алуучуда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген кызматкер үчүн пандустар орнотулуп, тиешелүү шарттар болушу керек.

"Бүгүнкү күнү биздин башкармалыктарга жумуш менен камсыз кылуу боюнча 860 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар кайрылган. Анын ичинен 240 адам жумуш менен камсыз болгон", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий