• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда 193 мектеп оңдоп-түзөөгө муктаж

Коом 0

Бишкек, 14.09.18. /Кабар/. Кыргызстанда 193 мектеп оңдоп-түзөөгө муктаж. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева билдирди.

Анын айтуусуна караганда, Эльвира Сурабалдиева билим берүү министри болгон кезде иликтөө жүргүзүлгөн, анын жыйынтыгында мектептердин 80% оңдоп-түзөөгө жана куруу иштерине муктаж экендиги аныкталган.

“Аталган кырдаал курулуш саясатынын туура эместигинен улам келип чыккан. Мектептер айрым бир адамдардын кызыкчылыгы үчүн курулушу керек болгон жерден башка жерге салынган. Ошентип, учурда 193 мектеп оңдоо иштерине муктаж”, - деди министр.

Пикир

Оставить комментарий