• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда 2,6 миң үй-бүлө ссуда менен жер алып, кооптуу жерлерден көчпөй жатат - ӨКМ

Кырсык 0

Бишкек, 22.03.19. /Кабар/. Кыргызстанда кооптуу жерлерде 4 миң 732 үй-бүлө жашайт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин статс-катчысы Азамат Мамбетов билдирди.

Маалыматка ылайык, 2 миң 100 үй-бүлө ссуда ала элек. Бирок, алар тизмеге киргизилип, кезектерин күтүп жатышат.

"Бирок, 2 миң 612 үй-бүлө ссуда, жер берилгени менен кооптуу жерлерден көчүп кеткен жок. Ош облусунда кооптуу аймактарда жашаган үй-бүлөнүн саны 2 миң 500дү, Жалал-Абадда 1 миң 600дү түзөт", - деди Мамбетов.

"Кайтарыла турган ссуданын өлчөмү 200 миң сом, кайтарымсыз берилгени 50 миң сомду түзөт. Учурда милдеттүү түрдө турак-үйдү камсыздандыруу киргизилгенден кийин ссуда берүү токтотулган. Ссуда менен жер алгандар жаңы жерлерге балдарына үй салып, өздөрү кайсы бир себептер менен кооптуу жерлерде жашап жатышы мүмкүн", - деди ал.

Анын пикири боюнча, кардын эриши менен ал жерге сиңип, жер көчүү коркунучу жаралууда. Азыркы тапта, Ош облусунун Өзгөн районунда жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунда кооптуу абал бар.

Пикир

Оставить комментарий