• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда 2 күндө 2 жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек, 18.07.18. /Кабар/. 2018-жылдын 17-июлунда саат 20:35те Ош облусунун аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдирет.

Билдирүүгө ылайык, жер титирөө Алай районунун Мурдаш айылында 3 баллга, Күң-Элек, Кызыл-Коргон, Жылу-Суу айылдарында 2,5 баллга, Сопу-Коргон, Таргалак, Терек, Гүлчө айылдарында 2 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Ошондой эле, бүгүн, 18-июлда түнкү саат 03:04дө Жалал-Абад облусунун аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Аксы районунун Кызыл-Бейит айылында 3 баллга, Кечүү, Ит-Сай айылдарында 2,5 баллга сезилген.

Алдын ала маалыматка ылайык, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий