• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстанда 2 миң 106 мектеп интернетке туташтырылган

Коом 0

Бишкеке, 12.12.19. /Кабар/. Кыргызстанда 2 миң 106 мектеп интернетке туташтырылган. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында Билим берүү министрлигинин маалымат менен камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы Расул Маматов билдирди.

Ал белгилегендей, Кыргызстанда жалпы 2 миң 117 мектеп болсо, анын 2 миң 106 мектебине же 99 пайызына интернет тартылган.

"2016-2017-жылдары "Ай Спейс" ЖЧКсы тарабынан 775 мектеп зымсыз интернетке туташтырылган. Туташтыруу иштерине өкмөт тарабынан 111 млн сом жумшалган. Бүгүнкү күндө ал мектептер үчүн өкмөт тарабынан ай сайын 2 миң сомдон абоненттик төлөм төлөнөт. 2018-2019-жылдары "Кыргызтелеком" ААКсы тарабынан 660 мектеп оптика буласы менен интернетке туташтырылган. Ага өкмөт тарабынан 150 млн сом жумшалган. Ал мектептер үчүн да ай сайын 2 миң сомдон абоненттик төлөм төлөнөт. Ошондой эле 671 мектепке интернет жергиликтүү бийликтин көмөгү менен түрдүү провайдерлер аркылуу тартылган. Учурда ал мектептер боюнча тендер өткөрүлүп, "Кыргызтелеком" аркылуу аларга интернет туташтыруу иштери жүргүзүлүп жатат. Жыл аягына чейин 671 мектептин 300үнө жогорку ылдамдыктагы интернет тартылат. Калганы окуу жылы аяктаганча туташтырылып бүтүшү керек", - деди ал.

Маматовдун айтымында, 31 мектепке жайгашкан жерине байланыштуу кабелдик интернет тартууга мүмкүнчүлүк жок. Бирок, аларга интернет тартуунун башка жолдору каралып жатат.

Пикир

Оставить комментарий