• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Кыргызстанда 2 миңден ашуун бала мектепке барбайт

Коом 0

Бишкек, 25.09.18. /Кабар/. Кыргызстанда мектепке барбаган балдардын саны азаюуда. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Ведомствонун басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 2012-жылы жалпы билим берүү мекемелерине 8 миң 329 бала барган эмес. Быйыл аталган көрсөткүч 2 миң 177 балага кыскарды.

“Мектеп жашындагы балдарды каттоо жыл сайын январь, май, август айларында өткөрүлөт. Августтагы каттоо боюнча 140 миңден ашуун бала катталган. 2 миң 177 бала ар кандай себептер менен мектептеги билим берүүдөн пайдаланбай тургандыгы аныкталган. Алардын 1 миң 545и мектепке кайтарылган”, - деп билдиришти министрликтен.

Андан сырткары окуучуларды каттоо системасын электрондук форматка өткөрүү үчүн ушул жылдын апрелинен июнь айына чейин балдарды электрондук паспорттоштуруу жүргүзүлгөн.

Ошондой эле 12нен 14-сентябрга чейин республиканын аймагында Ички иштер министрлиги менен биргеликте “Саламатсыңбы мектеп!” аталышындагы профилактикалык рейддик иш-чара өткөрүлгөн.

Иш-чаранын жүрушүндө мектепте билим албаган 138 жашы жете элек бала аныкталган. Анын 115и жалпы билим берүү мекемелерине билим алуусу үчүн кайтарылган.

Пикир

Оставить комментарий