• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Кыргызстанда 2-сентябрь эс алуу күнүбү? – Министрликтин жообу

Коом 0

Бишкек, 16.08.19. /Кабар/. Кыргызстанда 2-сентябрь жумуш күнү. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрүн сарамжалдуу пайдалануу максатында, КРнын Эмгек кодексинин 113-беренесине ылайык беш күндүк иш жуманын графиги боюнча иштеген мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мамлекеттик бюджеттен каржыланган мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн 2019-жылдын 2-сентябрындагы дем алыш күнү 2019-жылдын 4-январындагы иш күнүнө жылдырылган.

Пикир

Оставить комментарий