• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда 2 тонна аткезчилик мандарин аныкталды

Кырсык 0

Бишкек, 09.02.18. /Кабар/. КР Бажы кызматкерлери Пакистандан алынып келе жаткан дээрлик 2 тонна аткезчилик мандаринди ачыкташты,-деп билдирет Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, атайын жүргүзүлгөн иш-аракеттердин жыйынтыгында Ош шаарынын Жапалак айылынын аймагында “Түштүк” ыкчам бажы кызматынын кызматкерлери тарабынан КРнын “Б.А”, аттуу жараны башкарып бара жаткан “Мерседес-Бенц Спринтер” үлгүсүндөгү унаа токтотулган.

Текшерүү маалында унаанын ичинде 1 миң 814,5 кг, жалпы суммасы 117 миң 942,50 сомду түзгөн мандарин табылган.

Чогултулган материалдар Ош облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий