• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда 20 миң 458 адам коронавируска каршы эмделди

COVID - 19 0

Бишкек, 28.04.21. /Кабар/. Кыргызстанда акыры бир күндө 2 миң 130 адам коронавируска каршы эмделди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өлкө боюнча жалпы 20 миң 458 адам эмделсе, анын ичинен 606сы вакцинанын экинчи дозасын алды.

Аймактар боюнча алганда:

- Бишкекте – 3 92 адам вакцина алды;

- Ош шаарында – 2 017;

- Чүй облусунда – 2 601;

- Ош облусунда – 4 765;

- Ысык-Көл облусунда – 1 668;

- Талас облусунда – 857;

- Нарын облусунда 872;

- Жалал-Абад облусунда – 3 364;

- Баткен облусунда – 1 222.

Эскерте кетсек, 29-мартта Республикалык иммунопрофилактика борбору Кытай өлкөсү тарабынан берилген коронавируска каршы “Синофарм” вакцинасынын 150 миң дозасын алган.

Ал эми 22-апрелде Россиядан “Спутник V” вакцинасынын 20 миң дозасы алынып келген.

Эмдөө 25-28 күн аралыкты камтуу менен эки ирет жүргүзүлөт. Вакцинаны алгандан кийин терс учурлар каттала элек.

Пикир

Оставить комментарий