• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда 20-март Нооруз майрамын майрамдоого байланыштуу жумуш эмес күнү деп жарыяланды

Коом 0

Бишкек, 14-март /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков эс алуу жана жумуш эмес майрам күндөрүн рационалдуу пайдалануу максатында КР Эмгек Кодексинин 113-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын конститициялык мыйзамынын 10-17- беренесине ылайык жумуш күнүн которуу жөнүндөгү токтомго кол койду. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Токтомго ылайык 21-март Нооруз майрамын майрамдоого байланыштуу ишканалардын, мекеме-уюмдардын жана жумасына беш күндүк графикте эки күн эс алуу менен иштеген кызматкерлер үчүн 2017-жылдын 20-мартындагы жумуш күнү, 2017-жылдын 25-март жумуш эмес күнүнө жылдырылды. Ошентип, Кыргызстандыктар 18-март, 19-март, 20-март, 21-март күндөрү эс алышат.

Пикир

Оставить комментарий