• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда 200 миң адамдын майыптуулугу бар

Ден соолук 0

Бишкек, 28.08.18. /Кабар/. Кыргызстанда 200 миң адамдын майыптуулугу бар. Бул тууралуу Социалдык өнүктүрүү министри Таалайкүл Исакунова өкмөттүн отурумунда КРнын БУУнун майыптардын укугу тууралуу Конвенциясын ратификациялоосуна даярдыгынын жүрүшү тууралуу айтып жатып билдирди.

Анын айтымында, 2011-жылы КРнын өкмөтү ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктарын ишке ашырууга даярдыгын көрсөткөн. Бүгүнкү күндө 200 миңге жакын адамдын майыптуулугу бар.

“Биз БУУнун конвенциясын ратификациялоого даярбыз. Акыркы жылдары бир нече программаларды ишке ашырганбыз, алдыда да узак мөөнөттүү программа менен алектенүүгө даярбыз. Быйыл ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын жөлөк пулун 30 пайызга жогорулатышты. Калган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга реабилитациялык кызмат көрсөтүүлөрдү көрсөтүп жатышат. Майыптуулугу бар балдарга бекер коляскалар берилип жатат. Мындай көрүнүш акыркы 7 жылда болгон эмес”, - деди Исакунова.

Пикир

Оставить комментарий