• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда 2016-жылдан бери 6,7 миң үй-бүлө 9 млрд сомго ипотека алды

Коом 0

Бишкек, 17.06.22. /Кабар/. Кыргызстанда 2016-жылдан бери 6 миң 700 үй-бүлө 9 млрд сомдон ашык мамлекеттик ипотекага ээ болду, деп билдирди Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасы Аида Төлөгөнова Жогорку Кеңештин “Ата Журт Кыргызстан” фракциясынын жыйынында.

Анын маалыматына ылайык, 2022-жылы Мамлекеттик ипотекалык компания бюджеттен 1 млрд 800 млн сом алды, бүгүнкү күнгө карата 640 жаран 1 млрд 500 млн сомго насыя алды.

Ал МИКтин насыялык капчыгы 7 млрд сомду түзөрүн белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий