• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда 2016-жылы 52,6 млрд сомго 44 миңден ашык тендер өткөрүлгөн

Экономика 0

Бишкек, 21-февраль / Кабар/. Кыргызстанда 2016-жылы 44 миң 70 тендер өткөрүлгөн. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору Улан Даникеев билдирди.

Анын айтымында, мамсатып алуулар порталы 2016-жылдан тартып ишке кирген. Өткөн жылы департамент тарабынан мамсатып алуулар жаатында зор иштер жасалган.

“2016-жылы 52 млрд 651 млн 623 миң сомго мамсатып алуулар жүргүзүлгөн. 44 миң 70 тендер өткөрүлгөн. Мында 2016-жылы мамсатып алууларды өткөрүүдөн үнөмдөөнүн суммасы 9 млрд 561 млн 954 миң сомду түздү», -деди У.Даникеев.

Ал Мамлекеттик сатып алуулар департаментине көп сындар айтылып жатканын да белгиледи.

“Бирок, бүгүнкү күндө өлкөдө өткөрүлүп жаткан мамсатып алуулар ачык-айкын жүрүүдө. Ар бир жаран мамсатып алуулардын процедурасын, акча кайда кетип жатканын көрүп турат. Мамсатып алуулар биринчи кезекте финансылык тартипте жүрүшү керек. Маммекеме эмнени кааласа эле сатып алалбайт, керек нерсесин гана сатып ала алат. Мамсатып алуулардын философиясы – финансы тартиби бардык жерде болушу керек”, -деди департамент башчысы.

Пикир

Оставить комментарий