• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда 2017-жылдын башынан бери 132 ӨК катталып, 61 адам каза болду

Коом 0

Бишкек, 4-апрель /Кабар/. Жыл башынан бери республиканын аймагында 132 өзгөчө кырдаал (ӨК) катталды, ал эми өткөн жылдын ушул мезгилинде болгону 11 ӨК катталган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

ӨКМга караштуу кризистик кырдаалдарды башкаруу блорборунун башчысы, полковник Мухаммед Сваров билдиргендей, атап айтканда төмөнкүдөй өзгөчө кырдаалдар катталган: 18 жер көчкү, 13 каардын катуу жаашы, 94 кар көчкү, 1 таш түшүү, 4 техногендик мүнөздөгү – авиа кырсык, 2 өрт, 1 жол кырсыгы.

“Анын жыйынтыгында 2017-жылы 61 адам каза болду: авиа кырсыктан – 39 адам, кар көчкүдөн – 11 адам, жол кырсыгынан – 5 адам, жер көчкүдөн – 6 адам. Ал эми 2016-жылы 9 адам каза болгон: тоо тектин көчүүсүнөн – 1, жол кырсыганан – 8 адам”,-деди М.Сваров.

Мындан тышкары, республика боюнча 737 өрт кырсыгы болуп, ага 958 өрт өчүрүү кызматы барган. Өрт-куткаруу кызматы тарабынан 367 чыгуу болгон. 83 адам куткарылган.

Пикир

Оставить комментарий