• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда 2018-жылы 256 социалдык-маданий объекттин курулушу каржыланды

Коом 0

Бишкек, 22.01.19. /Кабар/. Кыргызстанда 2018-жылы 256 социалдык-маданий объекттин курулушу каржыланган. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйыны учурунда Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы Самат Бөрүбаев билдирди.

Анын айтымында, ичүүчү суу менен камсыз кылуу, инфраструктураны өнүктүрүү жана калктуу пункттарды шаар куруу документтери менен камсыздоо, курулуш тармагындагы мыйзам акттарын иштеп чыгууну баштоо жана ченемдик техникалык документтерди жаңылоо, ошондой эле курулган жана курулуп жаткан имараттардын сейсмикалык коопсуздугун камсыздоо чаралары тармактагы мамлекеттик саясаттын негизги приоритеттери болду. Андан тышкары коррупциялык тобокелчиликтерди жок кылуу боюнча иштер жүрүп жатат.

"Инфраструктураны жакшыртуу максатында 2018-жылы республикалык бюджеттен каржыланып жаткан курулуш жана реконструкциялоо объекттеринин такталган тизмесине ылайык, "Капиталдык жумшоолор" беренеси боюнча 2 млрд. 946 млн. 937,8 миң сом ачык каржылоо 2 млрд. 823 млн. 688,6 миң сом өлчөмүндө каралып, анын ичинен 2 млрд. 768 млн. 135,4 миң сом каржыланган. Бул каражаттын 94%ын түзөт", - деди Бөрүбаев.

Анын маалыматы боюнча негизги багыттар боюнча каржылангандар:

- Социалдык-маданий багыттагы 256 объекттин курулушуна 2 млрд. 141 млн. 972,1 миң сом каржыланган;

- 95 объекттин капиталдык оңдоосуна 394 млн. 12,9 миң сом;

- "Таза Суу" программасы боюнча 89 объектти суу менен камсыздоого 226 млн. 21,9 миң сом;

- социалдык объекттерди долбоорлоого 10 млн. сом.

Пикир

Оставить комментарий