• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда 2018-жылы 300гө жакын уруксатсыз таштанды таштоочу жайлар аныкталган

Коом 0

Бишкек, 12.02.19. /Кабар/. Кыргызстанда 2018-жылы 300гө жакын санкциясы жок таштанды таштоочу жайлар аныкталган. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттигинин директору кабарлады.

Анын айтуусунда, 2018-жылы агенттикке 9 миң 677 документ келип түшкөн. Анын ичинен 1 миң 718 жогору турган мамлекеттик органдардан, 364-мыйзам актылары, министрлик жана ведомстволордон – 4 миң 311 документ жана жарандардан 98 кайрылуу түшкөн.

Андан тышкары, былтыркы жылга карата айлана-чөйрөнү коргоо тармагында 12 долбоор каралган. Анын ичинен 4 бекитилген, 6 иштелип чыккан жана экөөсү каралууда.

“2018-жылы 2 миң 625 экологиялык экспертиза өткөрүлгөн. Ошондой эде айлана-чөйрөгө байкоо жүргүзүлүүдө. 1 миң 866 үлгү анализден өтүп, 13 миң 676 изилдөөлөр жүргүзүлгөн. Анын ичинен 329у топурактын, 811и суунун жана 726сы абанын үлгүлөрү болгон”, - деди агенттиктин башчысы.

Андан тышкары Рустамов белгилегендей, Кыргызстандагы 406 таштанды таштоочу жайларда инвентаризация өткөрүлүп, жыйынтыгында 107нин санкциясы бар жана 299 санкциясы жок таштанды таштоочу жай экендиги аныкталган.

Пикир

Оставить комментарий