• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда 2018-жылы 425 миңден ашык жаран жөлөк пул алды

Коом 0

Бишкек, 27.12.18. /Кабар/. Кыргызстанда 2018-жылы 425 миңден ашык жаран жөлөк пул алды. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров билдирди.

Анын айтуусунда, жөлөк пулду 16 жашка чыга элек балдары бар үй-бүлөлөр да алган. Мындай үй-бүлөлөрдүн саны 123 миң 487.

“Ай сайын берилүүчү жөлөк пулду 152 миң 960 бала алган, балага сүйүнчү – 103 миң 553 ата-энеге төлөнүп берилди”, - деп кабарлады министр.

Кочкоров билдиргендей, бир ирет төлөнүүчү балага сүйүнчүнү бала төрөлгөндөн баштап 6 айдын ичинде алууга болот. Бул убакыт ата-энелерге тийиштүү иш кагаздарды топтоп, арыз жазууга берилет.

Пикир

Оставить комментарий