• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстанда 2018-жылы 68 мектеп жана 6 бала бакча салынган

Коом 0

Бишкек, 22.01.19. /Кабар/. Кыргызстанда 2018-жылы жалпысынан 156 социалдык объектилердин курулуш жана капиталдык оңдоп-түзөө иштери аяктаган. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Турак жай жарандык курулуш департаментинин директорунун орун басары Улукбек Матисаков билдирди.

“Баардыгы болуп 2018-жылы 150 соцобьектилердин курулушун аяктоо пландалган. Ал эми жыл жыйынтыгы боюнча 156 объектте курулуш жана ремонт иштери бүткөрүлгөн”, - дейт Матисаков.

Алардын ичинде:

- курулуп бүткөндөр 101 объект – 68 мектеп жана алардын спорт залдары, 6 бала бакча, 8 спорттук зал, 5 саламаттыкты сактоо мекемелери, 1 маданият мекемеси, 4 суу менен камсыз кылуу объектилери жана дагы 9 башка объектилер.

- капиталдык ремонт 38 объектте аяктаган – 27 мектеп, 2 бала бакча, 3 саламаттык сактоо мекемеси, 4 маданият мекемелери жана андан тышкары 2 объект.

- суу менен камсыз кылуу жана санитария объектилери боюнча 17 объект бүткөрүлгөн, алардын ичинде Чүй облусу боюнча 3 объект, Баткен – 1, Жалал-Абад – 1, Ысык-Көл – 2, Нарын – 4, Ош – 5 жана Таласта 1 объект.

Пикир

Оставить комментарий