• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда 2018-жылы 80 билим берүү мекемелери курулган

Өкмөт 0

Бишкек, 15.02.19. /Кабар/. Кыргызстанда 2018-жылы 80 билим берүү мекемелери курулган. Бул тууралуу өкмөттүн кезектеги жыйынында экономика министри Олег Панкратов маалымдады.

Анын айтымында, алардын ичинен 49 мектеп, 25 спортзал, 4 бала бакча жана 2 билим берүү объектиси.

"Азыркы учурда өлкө боюнча 84 пайыздан ашык мектеп интернетке кошулган. Кыргызстандагы бардык мектептерди интернетке кошууу боюнча иштер жүрүүдө", - деп билдирди министр.

Пикир

Оставить комментарий